Казакстан президенти КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты

Казакстан президенти КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты

Касым-Жомарт Токаев КМШ Мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышты. Казакстандын президенти Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен келди. Иш-чарага Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери катышты. Саммитте тараптар шериктештик алкагында өлкөлөрдүн өз ара пайдалуу кызматташтыгын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле жыл жыйынтыгын чыгарды. Белгилей кетсек, 2024-жылы уюмга Орусия төрагалык кылган. КМШ өлкөлөрүнүн ИДӨнүн өсүшү 4,7% ды түздү, ал эми үч квартал ичинде товар жүгүртүү 11% га өстү. Кийинки жылы төрагалык кылуу Тажикстанга өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков