Президент Шымкент шаарынын акими Мурат Айтеновду кабыл алды

Президент Шымкент шаарынын акими Мурат Айтеновду кабыл алды

Мурат Айтеновдун айтымында, өткөн жылы шаардын экономикасына тартылган инвестициянын көлөмү 13,8 пайызга өсүп, 549 жарым миллиард теңгеге жеткен. Чакан жана орто бизнес субъектилеринин саны 110 миңден ашты. Жалпысынан аймактык өнүм көлөмүнүн 40,7 пайызы аталган тармактагы ишкерлерге таандык. Ошондой эле, Мурат Айтенов мегаполисти өнүктүрүү чаралары менен тааныштырып, быйылкы жылы шаардын жаңы башкы планы бекитилерин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков