Казакстан президенти суперкомпьютердин ачылышына катышты

Казакстан президенти суперкомпьютердин ачылышына катышты

Казакстанда расмий түрдө суперкомпьютер ишке кирди. Аземге Alemcloud улуттук борборунда президент Касым-Жомарт Токаев катышты. Система тиешелүү министрликтин жаңы маалымат борборуна орнотулду. Суперкомпьютердик кластер – бул Борбордук Азия аймагындагы эң кубаттуу эсептөө чечими. Анын ишке кириши негизги тармактарды санариптештирүүдө маанилүү кадам болот. Ошондой эле нейрон тармактарын, санариптик экономиканы жана илимди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ага университеттер, стартаптар жана IT-компаниялар жете алышат. Мамлекет башчысы бүгүнкү окуяны өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам деп атады.


Жаслан Мадиев, Казакстандын санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жайы министри:


- Бүгүн сиздин тапшырмаңыз боюнча Казакстан NVIDIA H200 чиптеринин базасында 2 экзафлопско чейин өндүрүмдүүлүккө ээ улуттук суперкомпьютер кластерин ишке киргизүүдө. Касым-Жомарт Кемелевич, тармакка дем берүү үчүн стартаптарга жана илимий долбоорлорго эсептөө кубаттуулугун жеңилдетилген шарттарда берүү сунушталууда. Стартаптар, мамлекеттик органдар үчүн акысыз, жетилген атамекендик IT-компаниялар жана чет элдик кардарлар үчүн базар шартында 50% га чейин арзандатуу.

Которгон: Сезим Шейшеналиева