Казакстан президенти Катар бизнес-конгломератынын ээлерин кабыл алды

Казакстан президенти Катар бизнес-конгломератынын ээлерин кабыл алды

Энергетика жана геологиялык чалгындоо тармактарында кызматташуу, ошондой эле айыл чарба, өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, саламаттыкты сактоо тармагындагы мамилелердин келечеги. Президент ушул жана башка маселелерди Qatar Power International Holding компаниясынын ээлери Рамез Аль-Хаят жана Муатаз Аль-Хаят менен жолугушууда талкуулады. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, бизнес-конгломерат эки тараптын ортосундагы экономикалык мамилелерди орнотууга жаңы дем берет. Аталган мамлекет Казакстандын Жакынкы Чыгыштагы стратегиялык өнөктөшү болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков