Казакстандын Орусияга экспорту

Казакстандын Орусияга экспорту

Казакстандын Орусияга экспорту көбөйүүдө. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-аяк оона айларында эле коңшу өлкөгө жалпы баасы 5,9 миллиард долларлык ата мекендик өнүм жеткирилген. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү 15%ды түздү. Мында Казакстандын металл жана металл буюмдарынын үлүшү басымдуулук кылат. Буга кошумча, Орусияда минералдык жана химиялык өнүмдөргө, транспортко, агро өнөр жай комплексине жана тамак-аш азыктарына суроо-талап жогору. Импорт өткөн жылдын деңгээлинде калып, өсүш болгону 1 пайызды түздү. Өлкөнүн өз ара соодасы жалпысынан оң динамикасын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында товар жүгүртүү 5%га өскөн. Транзакциялардын суммасы каржы жагынан алганда 18 жарым миллиард долларга жетти. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Орусиядан Казакстанга келген түз инвестиция 30%га өсүп, дээрлик 1 миллиард долларга жакындады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков