Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы соода алмашуу 2024-жылы 1,6 млрд долларга жетти

Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы соода алмашуу 2024-жылы 1,6 млрд долларга жетти

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу соода өткөн жылы көбөйдү. Бүгүнкү күндө тараптар ортосундагы соода алака 1 миллиард 600 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Премьер-министр Олжас Бектенов жана коңшу мамлекеттин Президентинин администрация башчысы Адылбек Касымалиев менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

 

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:


- Биздин өлкөлөрдүн лидерлеринин ортосундагы активдүү саясий диалог казак-кыргыз өнөктөштүгүнүн бардык спектри боюнча жогорку динамиканы камсыз кылат. Мамлекеттер ортосунда өз ара соода-экономикалык байланыштар туруктуу өнүгүүдө. Өлкө башчылары эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 2030-жылга чейин 3 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшту. Өкмөттөр бул милдетти ишке ашыруу боюнча ишти улантып жатышат.


Казакстан өнүм экспортун 200 миллион доллардан ашык суммага 175 аталыштагы экспортун көбөйтүүгө даяр. Алардын арасында мунай-химия, тамак-аш өнөр жайы, металлургия, унаа жасоо, фармацевтика өнөр жайы бар. Күн тартибиндеги эки тараптуу маанилүү маселелердин бири болуп агро өнөр жай комплексиндеги кызматташуу эсептелет. Өнөр жай өз ара сооданын 20%га жакынын түзөт. Өлкөлөр Айыл чарба өнүмдөрүн жеткирүүнү көбөйтүү боюнча Жол картасын ишке ашырууда. Ошондой эле, өнөр жай тармагында биргелешкен ишканаларды түзүүгө багытталган инвестициялык өз ара аракеттенүүгө басым жасалат. Тараптар суу-энергетикалык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Биргелешкен иш-чаралардын аркасында өткөн жылы сугат сезону чыгымсыз өттү. Мындан тышкары, жолугушууда транспорттук-транзиттик дараметти жогорулатуу маселеси каралды. Белгилей кетсек, Казакстан Кыргызстандын үч ири соода өнөктөшүнүн катарына кирет. Өлкө коңшу республиканын экономикасына 1 млрд 300 млн АКШ валютасында инвестиция салган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков