Казакстанда санариптик теңгени киргизүү боюнча пилоттук долбоордун биринчи этабы аяктады. Казакстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, бул накталай акча жана анын эквиваленттери менен коштолгон үчүнчү төлөм түрү. Серепчилер санариптик теңге салттуу каржы институттарынын катышуусуз эле татаал операцияларды тез жүргүзүүгө мүмкүндүк берерин белгилешет. Ошондой эле, алар интернетке байланышсыз төлөй алышат. Бул анын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп саналат.
Галымжан Айтказин, «Tengenomиka» телеграмм-каналынын автору, серепчи:
- Санариптик теңге деп атаганыбыз жаңылык эмес. Казакстан учурда ар кандай варианттарды карап жатат. Бул бир нече жыл мурун башталган тажрыйба. Дүйнөдөгү көптөгөн борбордук банктар, анын ичинде Кытайды айтсак болот. Бүгүнкү күндө өлкө санариптик юанды колдонууда абдан жигердүү. Бул демилгенин баары дүйнө чындап эле криптовалюталар эмне экенин тааный баштагандан бери колго алынды. Биздин санариптик теңгеге келсек, анын резервдик көчүрмөсү толугу менен Улуттук банкта. Башкача айтканда, бул маселеге жана анын иштешине Улуттук банк кепилдик берет. Мындан улам, ал жогорку ишенимдүүлүккө ээ. Санариптик теңгенин башкалардан негизги айырмасы анын криптовалюталарды түзүү платформасына окшош жаңы технологияга негизделгендигинде.
Улуттук банктын изилдөөсүнө ылайык, санариптик теңгени колдонуучу смартфондогу санарип капчыкта сактоого болот.
Константин Пак, Казакстан финансисттери бирикмесинин каржылык технологиялар секторунун мүдүрү:
- Бардык санарип капчыктар Казакстандын Борбордук банкында, башкача айтканда, Улуттук банкта сакталат. Мындан тышкары, бардык операциялар Улуттук банкта жүргүзүлөт. Башкача айтканда, банктар өз ара маалымат алмаша албайт. Маалымат борбордук банктын ичинде гана сакталат. Бул базалык өзгөчөлүктөрдүн бир түрү. Теориялык жактан алганда, кандайдыр бир алдамчылык операциялар жасалган болсо, аларды тез арада иликтөөгө болот.
Евразия өнүктүрүү банкынын серепчилери ЕАЭБ аймагында санариптик валюталарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет. Аларды ишке ашыруу трансчекаралык төлөмдөрдүн баасын төмөндөтүп, Евразиялык биримдигиндеги өз ара сооданы стимулдаштырат.
Антон Малахов, Евразиялык өнүктүрүү банкы интеграциялык изилдөө борборунун башчысы:
- Санариптик теңгенин, негизинен санариптик валюталар үчүн жалпы артыкчылыктары бар деп айта алабыз. Коммерциялык банктар борбордук банк менен кардар ортосундагы жараяндан четтетилгендиктен, ишканалар төлөм транзакцияларын жүзөгө ашырууда тезирээк жүргүзүп, чыгашалар азаят, ал эми мамлекет акылдуу келишим технологиясы аркылуу бюджеттин чыгашаларынын багытын көзөмөлдөй алат.
Муну менен катар, серепчилер аталган төлөм инструментинин дараметтүү тобокелдиктерин эстен чыгарбоо керектигин белгилешет. Улуттук банк санариптик теңге акча-насыя саясатына кандай таасирин тийгизерин изилдеп жатат. Аны ишке ашыруу боюнча акыркы чечим 2022-жылдын аягында кылдат изилдөөдөн кийин кабыл алынат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков