Мындай милдетти быйылкы жылга өлкө өкмөтү аймактардын жана «Kazakh Invest» улуттук компаниясынын алдына коюп жатат. Ошол эле учурда Казакстандын чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү менен кызматташууну күчөтүү зарыл. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Алихан Смаилов инвестициялык штабдын жыйынында билдирди. Анда негизги капиталдагы иштердин жыйынтыгы, ошондой эле 2022-жылга инвестициялык көрсөткүчтөр каралды. Айта кетсек, өткөн жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча инвестициянын агымы 22 миллиард доллардан ашкан. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 18%га көп. Унаа жасоо, энергиянын кайра жанма булактары, металлургия, тоо-кен металлургия комплекси жана айыл чарбасы сыяктуу тармактарда 46 инвестициялык долбоор ишке киргизилген. Алдыңкы инвестор өлкөлөрдүн катарына Нидерланды, АКШ, Швейцария, Бельгия, Орусия, Түштүк Корея, Кытай, Франция, Улуу Британия жана Түркия кирген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков