Мамлекет башчысы Канат Шарлапаевди кабыл алды

Мамлекет башчысы  Канат Шарлапаевди кабыл алды

Казакстанда ири бизнести каржылоонун көлөмү 114,4 миллиард теңгеге жетти. Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү да көңүл сыртында калган жок. «Өнүгүү» фонду аркылуу 15 миңден ашык ишкер каржылык колдоо алды. «Байтерек» холдингинин башкармалыгынын төрагасы Канат Шарлапаев президент Касым-Жомарт Токаевге ишкерлерди, агроөнөр жай комплексин колдоо жана калкты турак-жай менен камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берилип, 9 миңдей дыйканга колдоо көрсөтүлдү. Жыл башынан бери “Агрардык насыя корпорация” аркылуу чарбаларга 271 миллиард теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Белгилей кетсек, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо жана импортко көз карандылыкты азайтуу максатында айыл чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорду насыялоо көлөмү да көбөйгөн. Негизи бул тармакка 131 миллиард теңгеден ашык каражат жумшалды. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы бизнес чөйрөсүн  жана социалдык турак-жай саясатын жакшыртууга багытталган конкреттүү тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков