Казакстандын негизги капиталына инвестиция жарым жыл ичинде 6,7 триллион теңгеге жетти

Казакстандын негизги капиталына инвестиция жарым жыл ичинде 6,7 триллион теңгеге жетти

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Казакстандын негизги капиталына инвестициянын көлөмү 6,7 триллион теңгеге жетти. Улуттук статистикалык бюронун маалыматы боюнча, бул сумманын төрттөн бир бөлүгү, тагыраак айтканда 23,5% тоо-кен тармагына жана карьерлерге чалгындоого бөлүндү. Каражаттарды тартуу боюнча экинчи орунда кыймылсыз мүлк, үчүнчү орунда транспорт жана жүк кампалары секторлору жайгашты. Инвестициялардын негизги булагы бул объектилердин ээлеринин жеке каражаттары.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков