Криптобиржа менен банктардын өз ара аракети долбоорунун натыйжалары

Криптобиржа менен банктардын өз ара аракети долбоорунун натыйжалары

Каржылык кызматтарды жөнгө салуу борборунун комитети тесттик режимде түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгын жарыялады. AFSA жетекчилигинин айтымында, биржалар банктар менен иштешип, жыл ичинде криптовалюталык операцияларга байланыштуу операцияларды мыйзамдуу түрдө жүргүзө алышкан. Башкача айтканда, эсеп ачуу, фиат валюталарын башкаруу жана аларды санариптик активдерге айландыруу укугу берилди. Белгилей кетсек, долбоорду АЭКБ нун өкүлдөрү гана эмес, Улуттук банк, кесипкөй бөлүмдөр, финансылык мониторинг, ошондой эле каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиктери башкара алышат. Негизги максат – Казакстанда жөнгө салуучу режимди түзүү. Ал тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен гана чектелбестен, жалпысынан өлкөнүн региондук криптохаб катары дараметин өнүктүрүүгө салым кошот.

Ягуб Заманов, АЭКБ каржылык кызматтарды жөнгө салуу боюнча FINTECH комитети департаментинин мүдүрү/(AFSA)/:

- Бүгүнкү күндө биз банктар крипто-провайдерлер менен кандай иштөөнү керектигин түшүнүштү деп айта алабыз. Эми алар крипто-провайдерлер үчүн банк эсептерин ача алышат, бул долбоордун баштапкы максаты болгон. Ошондой эле, технологиялар менен да таанышты. Өз кезегинде крипто-провайдерлер дагы банктар менен иштөө тартибин, көзөмөлдөөчү органдар менен кантип иштешүүнү жана Казакстанда бизнесин өнүктүрүү шарттарын билишет. Ага жараша оң натыйжага жетиштик. Атап айтканда, бул тармактын өнүгүшү, бизнестин өсүшү, банктар тарабынан алардын катышуучуларына жана кардарларына сунушталган банк өнүмдөрүнүн өсүшү, ошондой эле мыйзамдардын өнүгүшү.

Серепчилердин айтымында, Казакстанда криптовалюта рыногун мындан ары чыңдоо максатында AFSA мындай биржалар үчүн борборлоштурулган эрежелерди иштеп чыккан. Документте каржы борборлор системасында кызмат көрсөтүүнүн негизги жолдору жана принциптери көрсөтүлгөн.

Ягуб Заманов, АЭКБ каржылык кызматтарды жөнгө салуу боюнча FINTECH комитети департаментинин мүдүрү/(AFSA)/:

- Үчтүн айында биз Астана эл аралык каржы борборунун комитети катары конституциялык документти жарыялаганбыз жана жакынкы күндөрү жаңы режимдин өзүн коомдук талкууга жарыялайбыз. Бардык катышуучулар өздөрүнүн ой-пикирин айта алышат, башкача айтканда коомдук консультацияларга катышып, сын-пикирлерди айтып, өз сунуштарын бере алышат, бул сунуштар комитет тарабынан каралат, андан ары аталган актыны кабыл алууда катышуучулардын сунуштары жана талаптары эске алынат.

Долбоор криптовалюталык биржалардын Казакстандын рыногуна чыгышын, ал эми крипто майнерлер АЭКБ биржаларынын платформаларында соодалашуусун камсыздайт. Мындан тышкары, ал фиат каналдары аркылуу инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Жыйынтыгында Казакстандын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык каржы борборунун актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков