Казакстандык ойлоп табуучунун эмгеги АКШ рыногуна чыгат

Казакстандык ойлоп табуучунун эмгеги АКШ рыногуна чыгат

Казакстандын дагы бир ойлоп табуусу тышкы рынокту багынтат. Алматылык жаш ишкер Баглан Олжабаев жетектеген топ түзгөн мобилдик тиркеме АКШ тарабынан кызыгуучулук жаратты. Онлайн аянтча унаа ээлери жана оңдоочулары үчүн иштелип чыккан. Долбоор жолдогу күтүлбөгөн кырдаалды тез арада чечүүгө багытталган. Мисалы, электрондук аянтчаны колдонуу менен эвакуаторду же электромеханикти чакырып, унаанын дөңгөлөктөрүн алмаштыруу сыяктуу ар кандай көйгөйлөрдү калыбына келтирүүгө болот.

Баглан Олжабаев, мобилдик тиркеменин автору:

- Азыр пландалган максаттарга жетүү үчүн иштеп жатабыз. Долбоор теке айынын аягына чейин ишке кирип, бизнести баштоо керек. Акыркы даярдыктар жүрүүдө. Аны алгач Калифорния жана Техас штаттарында ишке ашыруу, андан кийин Лос-Анжелестин базарын багынтуу көздөлгөн.

Команда тиркемени 2017-жылдан 2020-жылга чейин үч жыл бою иштеп чыккан. Келечекте аны бир катар жаңы функциялар менен толуктоо көздөлүүдө. Жакында онлайн кеңеш берүү кызматы кошулат. Башкача айтканда, айдоочу капысынан жоголуп кеткен темир тулкусун усталардын аралыктан берген көрсөтмөсүнө таянып, атайын автобекеттерге барбастан оңдой алат.

Баглан Олжабаев, мобилдик тиркеменин автору:

- Мобилдик тиркемеге кирип, башкы беттин жогору жагындагы окуяларды басыңыз. Ал жерде унааны оңдоонун акысын эсептөө функциясы каралган, 30 секунддук видео же сүрөткө тартуу мүмкүнчүлүгү бар. Тартып, устага жибересиз. Алар карап, эсептеп, канча убакыт керектелээрин айтат. Ал эми ылдый жагында устаны чакыруу  функциясы бар. Кайсыл жерде жүрөсүз, ал сизге жардамга келет. Ошондой эле, жөнөкөй колдонуучу үчүн акча табуу мүмкүнчүлүгү каралган. Мисалы, мен автоконсьерж же күйүүчү май жеткирүү кызматын кыла алам. Унаам болсо, курьер болууга болот. Эвакуатор болсо, тиешелүү кызматтарды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 6 миң унаа ээлери жана 800 чебер мобилдик тиркемени активдүү колдонууда.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков