К. Токаев Sunwah Group корпорациясынын төрагасын кабыл алды

К. Токаев Sunwah Group корпорациясынын төрагасын кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаев Sunwah Group корпорациясынын төрагасы Цай Гуаньшэнди кабыл алды. Мамлекет башчысы белгилегендей, Казакстан чет элдик инвестицияларды кызыктыруу үчүн тартымдуу шарттарды түзүп, биргелешкен стратегиялык долбоорлорго ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Азыркы учурда кызыкчылык чөйрөсүндө жасалма интеллектти өнүктүрүү турат, бул багытта Кытай алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Президент бул багыттагы кызматташтык кызыгууну жарата турганын белгиледи. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстанда Кытай Эл Республикасы менен түбөлүк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулат. Өз кезегинде Цай Гуаньшэнь мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Казакстанды инвестиция салуу үчүн жагымдуу жана ишенимдүү өлкө деп эсептей турганын баса белгиледи. Анын айтымында, буга Президент Касым-Жомарт Токаевдин жана төрага Си Цзиньпиндин ырааттуу колдоосу чоң өбөлгө түзөт.¤

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Казакстандын Кытай Эл Республикасы менен соода-экономикалык байланыштарына келсек, алар эки тараптуу сооданын көлөмү боюнча ийгиликтүү өнүгүүдө. Кытай Казакстандын соода боюнча биринчи өнөктөшү болуп саналат жана албетте инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү да чоң мааниге ээ.

Которгон: Илгиз Жамалбеков