Бүгүн Акордодо Alatau City долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Asia Infrastructure Solutions Singapore компаниясынын төрагасын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев менен Вонг Хэн Файн Алатау шаарын натыйжалуу өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Алатау шаарынын башкы планы ушул жылдын бугу айында кабыл алынган. Президент ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда Вонг Хен Файн чоң тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Ошондуктан ал башкы консультант катары берген сунуштары эл аралык бизнес-хаб болууга багытталган жаңы шаарды долбоорлоодо жана курууда реалдуу натыйжага алып келет деген ишенимин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков