Референдум бүгүнкү күнгө чейин өткөн коомдук талкуулардын жыйынтыгын аныктайт. Бул тууралуу Астанадагы №129 шайлоо участкасындаөз тандоосун жасаган Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин билдирди. Айтымында, дал ушул күнү өлкө жарандары коомдун кандай багытта өнүгөрүн, ошондой эле мамлекет кандай баалуулуктарга таянып алдыга жыларын аныктайт.
Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи:
- 189 күн бою коомдук талкуулар жүрдү. Анынжүрүшүндө жарандардан миңдеген түрдүү сунуштар келип түштү. Башынан эле өлкө жарандары жогорку ынтызарлык билдирип, кызыгуу менен бул талкууга аралашкан. Мына бүгүн референдумда биз ошол коомдук талкуулардын жыйынтыгын чыгарабыз. Бул – мамлекет башчысынын учурундагы акыркы төрт жылда ушуну менен үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан референдум. Өлкөбүзгө тиешелүү маанилүү чечимдер, жалпы элдик диалог, референдум жүрүшүндө чечилиши керек деген принцип күнүмдүк саясий жашообуздун нормасына айланды. Ошондуктан бул жагынан Казакстан башка өлкөлөргө да үлгү көрсөтүп жатат деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

