Астанада адаттан
тыш балаты пайда болду. «Токой» сулуусу борбордун чок ортосунда, Байтерек монументинин жанына
орнотулду. Ал улуттук стилде курак-көрпө менен кооздолгон. Балатыны кооздоого
50дөн ашык чебер катышты. Ал үчүн 100дөн ашык оюнчук жасашты – бул жаңы жылдын
гана эмес, башка сыйкырдуу каармандардын да символу. Уюштуруучулар айткандай,
балаты жөн гана арт-объект жана Астананын жаңы жылдык жасалгасы эмес, казак
каада-салттарын сактоого негизделген креативдүү индустриянын өнүгүүсүнүн мисалы
болуп калды.
Рахима Мукушева,
уюштуруучу:
- Биз кол
өнөрчүлүк, чыгармачылык да адамдарга кубаныч, жакшылык, маанай, жылмаюу
тартуулай аларын көрсөткүбүз келди. Бул долбоор муундарды бириктирет. Биз 3 эле
эмес, 4 муунду бириктирдик. Анткени чоң энелер чөбөрөлөрү менен да катышты. Биз
долбоордо бардык адамдар тең укуктуу, баары жакшылык жаратып, кайталай аларын
көрсөткүбүз келди. Курак көрпө стилиндеги мындай балатыны биз 5 жыл мурун жасап
баштаганыбыз, азыр бүткүл дүйнө жүзүндө жасап жатышканына мактангыбыз келет. Ал
эми биздин быйылкы жаңылыгыбыз – оюнчуктарды жасоо. Мен кийинки жылдары
Казакстандан үлгү алып кайталай башташарына ишенем.
Асем Зейнолла, катышуучу:
- Менин ал жакта
аюум, коёндорум бар. Мен муну балдарды кубантуу, алар менен ойноп көңүл ачуусу
үчүн, сүйкүмдүү болсун деп токугам. Токуганды бир гана чоң энелер жасабайт.
Токуу – бул хобби сыяктуу, бул эс алуу. Жүрөгүңдөн чыккан жылуу нерсени
токусаң, бул эскерүүлөр, жакшы көз ирмемдер. Сен бүт жүрөгүң менен жакшылык
кыласың.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

