Сталинграддагы салгылашта баатырларча курман
болгон казак жоокерлерине Орусиянын Волгоград облусунда эстелик тургузулду.
Эстеликтин бийиктиги - 4,5 метр. Ал эми коло скульптура 2 метрге жакын. Эстеликке согуштук сыйлыктардын
барельефтери, ошондой эле казак жана орус тилдериндеги жазуулар чегерилген.
Монументтин ачылышы жоокерлер Орынбасар Таңгатаров менен Азамат
Казиевдин туугандары үчүн тарыхый окуя болду. Азамат Казиев дайынсыз
жоголгондордун арасында болгон. 70 жылдан кийин 1942-жылы Кузьмичи айылынын жанында каза болгону
белгилүү болгон. Белгилей кетсек, Сталинград майданына 300 миңден ашуун
мекендештер катышкан. Алардын төртөө Советтер Союзунун Баатыры наамына
ээ болушкан.
Елена Семичева, Тамбов шаарынын тургуну:
- Казакстан
эң ири жана достук мамиледеги республикалардын бири катары майданга көп
аскерлерин
жөнөттү. Алар абдан тайманбастык менен күрөшүштү. Жеңиш күнүн
жакындатууга чоң салым кошту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

