Касым-Жомарт
Токаев Парламенттик реформа боюнча жумушчу топтун биринчи жыйынына катышты.
Эске салсак, аны түзүү тууралуу
жарлыкка Казакстандын Президенти өткөн аптада кол койгон. Жумушчу топтун
курамына Парламенттин, Өкмөттүн, саясий партиялардын өкүлдөрү, юристтер,
окумуштуулар жана коомдук ишмерлер кирди. Мамлекет башчысы бир палаталуу
Парламентке өтүү – бул Казакстан үчүн тагдыр чечүүчү чечим экенин жана ал
мамлекеттин келечегине түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи. Ошондуктан
мындай жооптуу кадам ар тараптуу жана кеңири талкуулоону, ошондой эле салмактуу
чечимдерди талап кылат. E-otinish жана E-gov порталдары аркылуу келип түшкөн
сунуштарды да кошо алганда, алдыда бардык сунуштарды изилдөө турат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Мамлекет башчысы катары мен үчүн парламент өлкөнүн саясий
тутумунун негизги элементи болуп саналат. Ошондуктан, биринчи кезекте
Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Өзгөртүүлөр Баш
мыйзамдын 40ка жакын беренесин камтыйт. Андан кийин кеминде 10 конституциялык
мыйзамды жана 50дөн ашык кодекстерди жана мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарыл.
Бул процесс, негизинен, жаңы Конституцияны кабыл алууга барабар. Албетте, бул
иштин баарын бир эле учурда аткаруу мүмкүн эмес. Кылдат даярдык талап кылынат.
Касым-Жомарт Токаев бир палаталуу Парламентке өтүү эл аралык тенденцияларга
толугу менен жооп берерин баса белгиледи. Мындай система дүйнө жүзү боюнча
өлкөлөрдүн үчтөн экисинде иштейт. Эң негизгиси - Реформа республиканы
түп-тамырынан бери жаңылоо стратегиясын улантууга мүмкүндүк берет. Ал «Күчтүү
Президент – Таасирдүү Парламент – Отчет берүүчү Өкмөт» формуласына толугу менен
дал келет жана ар кандай тармактардагы, анын ичинде жасалма интеллект
тармагындагы өзгөрүүлөр менен синхрондоштурулат. Мамлекет башчысы
белгилегендей, e-Parlament системасы да алыс эмес.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Ошондой эле парламенттик реформаны Сенатты таркатууга
гана алып баруу таптакыр туура эмес экенин баса белгилегим келет. Биздин
алдыбызда ачык максат турат – бийликтин бүткүл өкүлчүлүктүү бутагын терең
трансформациялоо. Ошентип, мыйзам чыгаруу органы жарандардын кызыкчылыктарын
жана эркинин чагылдырган институт катары өз ролун толук кандуу ишке ашыра алат.
Өзгөрүүлөрдүн маанилүү фактору - келечектеги депутаттык корпустун
компетенттүүлүгү. Ал кесипкөйлөрдөн турат. Парламентти партиялык тизмелер
боюнча түзүү дал ушул милдет менен байланыштуу. Президенттин пикиринде, бир
палаталуу парламенттин алкагындагы көп партиялуулук кесиптик негизде саясий
диалогдун өнүгүшүнө түрткү берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

