Казакстан Мажилиси
өлкөдөгү илимий шаарларды өнүктүрүүгө багытталган түзөтүүлөрдү экинчи окууда
кабыл алды. Ошентип, алардын макамы мыйзамдуу түрдө бекитилип, илимий
аймактарды түзүү жана иштетүү шарттары аныкталды. Сөз илимий борборлор, жогорку
технологиялык өндүрүштөр жана инновациялык инфраструктура топтолгон атайын
зоналарды түзүү жөнүндө болуп жатат. Бул иштеп чыгууларды экономикага
киргизүүнү тездетүүгө жана илимдин бизнес менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө
мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, парламенттин төмөнкү палатасынын
депутаттары рейтингдик ишмердүүлүк жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда
жактырышты. Документ Улуттук рейтингдик агенттикти түзүүнү карайт. Ал ата
мекендик компанияларга жана каржылык инструменттерге насыялык рейтингдерди
ыйгаруу, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун өз системасын түзүү менен
алектенет. Иштеп чыгуучулар белгилегендей, бул каржы рыногунун ачыктыгын
жогорулатат жана капиталды тартууда ата мекендик компаниялардын
мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Илимий шаарларды өнүктүрүү менен бирге бул чаралар
инвестициялык климатты чыңдоого, өлкөнүн технологиялык өнүгүүсүн тездетүүгө
багытталган.
Мадина
Абылкасымова, Каржы базарын жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча Казакстан
Республикасынын агенттигинин төрагасы:
– Бул мыйзам долбоорунун негизги максаты –
чакан жана орто бизнестин көз карандысыз рейтингдик баасын түзүүгө көмөктөшүү,
бул аларга фондулук рынокко чыгууга жардам берет жана канчалык көп компаниялар
мындай рейтингдерге ээ болсо, ошончолук аларга фондулук рынок жана банктар
аркылуу каржылоо мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот, алар албетте капитал рыногу
аркылуу баалуу кагаздарды сатып алууда ушул рейтингдерге таянышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

