Казакстандын көкпар боюнча улуттук курама командасы 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярданууда

5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында казакстандык көкпарчылар даярдык көрүүдө. Өлкөнүн улуттук курама командасы Алматы облусундагы окуу-машыгуу жыйындарына катышып, экинчи айдан бери чеберчиликти арттырып келе жатат. Көкпар жана көк бөрү боюнча мелдештерде Казакстандын намысын – эки командада 12 атчан коргойт.

Эскерте кетсек, көкпардагы «Дарбаза» жерге тартылган тегерек, көк бөрү казандык казан болуп чыгат. Жыйынтыктоочу окуу-машыгуу жыйыны борбор калаада өтөт.

Акылбай Манкеев, көкпар боюнча Казакстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:

– Биз көкпарда жеңишке жетебиз деп үмүттөнөбүз. Азыр бизде кезектеги окуу-машыгуу жыйыны өтүүдө. Анда биз аттар менен гана иштейбиз.

Наурызбай Калтаев, көкпар боюнча Казакстандын улуттук курама командасынын мүчөсү: 

– Эки түрдүн негизги айырмачылыгы таймдын санында. Көк-бөрүдө үч, көкпарда эки. Тегерек же казан түшүп калса, биз каалаган нерсени ойной алабыз. Аттар жана жигиттер абдан жакшы формада.

Элдар Жарылкап, көкпар боюнча Казакстандын улуттук курама командасынын мүчөсү:

– Биздин команданын максаты-мыкты оюнчу болуу, чемпиондор титулуна ээ болуу жана албетте, казакстандыктардын, биздин өлкөнүн үмүтүн актоо.

Эскерте кетсек, Астанада өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун 97 түрү боюнча 21 комплект медаль ойнотулат. Иш-чарага эки миңге жакын катышуучу катышары күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков