Казакстандын Кентау шаары туристтерди тартуучу жаңы жайга
айланууда. Бул жерде тарыхый объектилерге гана эмес, ыйык жерлерге да уникалдуу
багыттар курулат. Алардын бири Карнак айылындагы Шаммит Ишан музейи. Бул
байыркы мечиттин дубалдарында Бухар дастанчы, Омархан Ауэзов сыяктуу залкар
инсандар билим алган. 18-кылымга мүнөздүү имарат архитектуранын жана
акустиканын шедеври. Калыбына келтирүү иштери объекттин тарыхый көрүнүшүнө зыян
келтирбестен жүргүзүлүүдө. Бул жерге Казакстандан гана эмес, чет өлкөдөн да туристтер
келишет.
Владимир Привалов, чөлкөм таануучу:
- Октябрь революциясынан кийин ал жерде балдар үйү,
мектеп, кампа болгон. Кийин эстеликти толугу менен бузуп, ордуна башка объект
куруу чечими кабыл алынган. Бул жерди көптөр Карнак айылынын тургундарынын
аркасында жакшы билишет. Жергиликтүү аймакта жайгашканы менен Мирзаевдердин
урпактары тарыхый музей катары ачылган мечит-медресенин эстелигин сактоо менен
алектенип келет.
Түркестандагы Кожа Ахмед Ясауинин музейинде сакталган
казак элинин биримдигинин жана ырайымынын символу болгон Тайказан дал ушул
Карнакта куюлган. Бул айылда 1500 жылдан ашкан Мажратут дарагы өсөт. Уламышка
ылайык, тыт дарагы Араб кол башчысы Абу Сафу Кутейба ибн Аби Салих Муслимдин
аймак боюнча өнөктүгү учурунда отургузулган. Дарак ушул күнгө чейин жемиш
берет. Ал эми анын дүмүрүн курчоо үчүн кеминде он эки адамдын кулачы керек.
Мирза Мирзаев, Экскурсия жетекчиси:
- Жыл сайын дарак ар кайсы тараптан – бир жылы
Түркестандан, кийинки жылы – Каратаудан ар кайсы убакта жемиш берет. Бул анын
өзгөчөлүгү, ал ыйык деп эсептелет. Тыт дарагынын жанында Карабута деген булак
болгон.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул Карнактын уникалдуу мурасынын жана тарыхынын кичинекей гана бөлүгү. Ошондуктан, туристтер бул жерге келүүгө кызыкдар болушат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

