Дүйнө жүзүндө Нооруз белгиленди

Дүйнө жүзүндө Нооруз белгиленди

Казак колорити Нооруз көптөгөн өлкөлөрдө белгиленди. Москвада майрамды биздин өлкөнүн Оруссиядагы элчилиги уюштурду.  Ал ВДНХда, Казакстан павильонунда өттү. Салтанаттын коноктору Оруссиянын башка аймактарынан келген мекендештерибиз, студенттер жана чет мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү болушту. Алар үчүн казак маданиятынын бай мурасын чагылдырган концерттик программа даярдалды.

Казак классикалык жана элдик музыкасы Нооруз күндөрүндө АКШда да жаңырды. Гарвард университетинин дубалында америкалык музыканттар «Япурай», «Дудар-ай» жана «Наз Коңурду» аткарышты. Концерттин программасында заманбап композиторлордун аранжировкаларына элдик чыгармалар киргизилген. Мотивдердин мындай айкалышы көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрүп, америкалык угармандарга Казакстандын бай музыкалык мурасы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди. Гарварддын глобалдык музыкалык архивинин жетекчиси Элизабет Батиюк менен жолугушууда белгилүү композитор Куат Шилдебаевдин скрипкасы соло жана кылдар менен «Каракемер» партитурасы тааныштырылды. Бул дагы АКШда казак фольклорун жайылтууга салым кошуу болуп саналат.

Афинанын тарыхый борборунда, Акрополдун этегинде жаркын Нооруз майрамы белгиленди. Иш-чара Казакстандын Грециядагы элчилигинин колдоосу менен өттү. Бул жерде-байыркы эллин жеринде-конокторго салттуу казак тамактары тартууланды, ал эми бул өлкөдө билим алып жаткан казакстандыктар домбрада элдик чыгармаларды аткарышты.

Которгон: Сезим Шейшеналиева