Жакынкы келечекте Өзбекстандын Самарканд шаарында чоң IT хаб түзүлүшү мүмкүн. Казакстан аны колдон келишинче колдоого даяр. Азыртадан эле бир тууган өлкөгө маалыматтык - технологиялык бир нече өнүм экспорттолууда.
Өзбекстан Казакстандын IT тармагындагы тажрыйбасын ишке ашыра баштады. Наманганда жол кыймылын көзөмөлдөө жана эреже бузгандарды аныктоо үчүн казакстандык адистер жасаган акылдуу система иштеп жатат. Долбоордун жетекчилери жергиликтүү администрация менен натыйжалуу келишим түзүшкөн. Өлкөнүн борбору Ташкентте жакында эле тиричилик түзмөктөр орнотула баштады.
Саидалихон Хакимов, Казакстандык долбордун өкүлү:
Биздин борбордук кеңсебиз Казакстанда. 4 объект жакшы жыйынтыктарды көрсөттү. Ал эми 2023-жылга планда дагы кеминде 10-15 объектти ишке ашыруу каралган.
Ошол эле учурда Казакстан Өзбекстанга онлайн-ипотека, проактивдүү мамлекеттик кызмат жана банк системасындагы алдыңкы технологиялар сыяктуу ойлоп табууларын сунуштайт.
Ерлан Ерболатов, долбоордун жетекчиси:
Биздин система сертификаттоо талаптардан өттү. Баары стандарттуу. Келечекте башка өлкөлөрдүн рыногуна чыгабыз. Кезекте Тажикстан турат.
Белгилей кетсек, 2018-жылдан бери өлкөбүз 223 миллион долларлык айти продукциясын чет мамлекеттерге экспорттогон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков