Алдыдагы саясий өнөктүккө облустун 500 миңдей жашоочусу катышып, добуш берүүгө укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы Өскемен шаарында көчмө семинар өткөрдү. Серепчилер алдыдагы шайлоонун жаңычылдыктарын кеңири түшүндүрүп беришти.
Константин Петров, БШК төрагасынын орун басары:
- Таза шайлоо үчүн атайын түстүү бюллетендерди сунуштап жатабыз. Биринчиден, эч нерсе чаташып кетпейт. Ар бир байкоочу же ишенимдүү өкүл бюллетендердин дал ушундай түрдө эсептелинерин так билет. Баары адилет жана ачык-айкын өтөт.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абай аймагында өткөн көчмө семинарга катышты. Облус боюнча 478 шайлоо участкасы бар. Алар мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн жеткиликтүү жана керектүү жабдуулар, анын ичинде пандустар жана тактилдик белгилер менен жабдылган. Ошондой эле, зарыл болгон учурда онлайн кызматтарды көрсөтө турган сурдокотормочуларды тартуу мерчемделип жатат.
Айгерим Тажиева, шайлоо билимин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы:
- Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу каскаддык метод боюнча жүргүзүлөт, анын негизинде биз аймактык комиссияларды окутуп жатабыз, ал эми аймактык комиссиялар төмөнкү участкалык комиссияларды окутуп жатышат. Добуш берүү өнөктүгү пропорционалдык жана мажоритардык шайлоо системасы деп аталган аралаш шайлоо системасы боюнча өтөт.
Белгилей кетсек, «өз шайлоо участогуңду тап» издөө кызматтары облустук, шаардык жана райондук администрациялардын интернет ресурстарында жеткиликтүү. Ошондой эле Call-борборлор ишке кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков