«Күчтүү бала» ыр жыйнагы чыкты

«Күчтүү бала» ыр жыйнагы чыкты

Балдар адабияты жаңы чыгармалар менен толукталды. Борбор калаада өлкөгө белгилүү акын Серикбол Хасандын «Күчтүү бала» китеби жарык көрдү. Жазуучу бул жаңы чыгармасы менен жаш окурмандарын тааныштырган. Китепке акындын акыркы 5 жылда жазган ырлары киргизилген. Жыйнакта билим берүү, үрп-адат, үй-бүлөлүк баалуулуктар сыяктуу тарбиялык темалар камтылган. Чыгарманын 3 миң нускасы өлкөдөгү балдар китепканаларына таратылат. Белгилей кетсек, буга чейин Серикбол Хасандын “Атанын кызы”, “Көпөлөк” аттуу китептери жарык көргөн.

Аян Ертай, окуучу:

«Күчтүү бала» китеби колума тийди. Мен бул китепти мүмкүн болушунча тезирээк окуганга аракет кылам. Менин сүйүктүү акындарым көп. Мысалы мен Абай Кунанбаевди, Серикбол Хасанды, Зауре Тореханды, Ахмет Байтурсын уулун, жана башка акындарды жакшы көрөм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков