Өкмөт Улуттук банк менен биргелешип каатчылыкка каршы иш-аракет планын жүзөгө ашырууга киришти

Өкмөт Улуттук банк менен биргелешип каатчылыкка каршы иш-аракет планын жүзөгө ашырууга киришти

Казакстандын өкмөтү менен Улуттук банк каатчылыкка каршы иш-аракет планын жүзөгө ашырууга киришти. Бул тууралуу өкмөт жыйынында премьер-министр Алихан Смаилов билдирди. План өлкөдөгү инфляцияны көзөмөлдөө жана валюта рыногунда туруктуулукту сактоого багытталган. Анын алкагында теңге депозиттерин колдоо программасы ишке ашырылат. Буга кошо, улуттук валютадагы депозиттерге сыйакы кошуу көздөлгөн.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу элибиз тынчсызданууда. Коомдо көптөгөн суроолор жаралууда. Албетте, мындай абал экономикабызга да таасирин тийгизери түшүнүктүү. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, биз сиздер менен бир нече күн кеңешип, тиешелүү чечимдерди кабыл алдык. Ошентип, Өкмөт менен Улуттук банк биргелешкен иш-аракет планын ишке ашырууга киришти.

Өкмөт ошондой эле, каржы институту жана «Атамекен» ишкерлер палатасы менен биргеликте жаңы чаралардын комплексин кабыл алды. Анда жумуш орундарын түзүү жана ишкерликти өнүктүрүү чаралары камтылган. Быйыл «Бизнестин жол картасы - 2025» программасын каржылоо, анын ичинде субсидиялар менен насыяларга кепилдик берүү көбөйөт. Бизнеске ашыкча административдик жүктөмөнү жоюу көздөлүп жатат.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Ата мекендик ишкердикти өнүктүрүү үчүн инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу импорттук товарларды алмаштыруу өзгөчө мааниге ээ. Бул жаатта мамлекет тарабынан колдоого алынган ишканалар кызматкерлердин айлык акысын жогорулатууга милдеттүү. Агроөнөр жай комплексинде мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн субсидиялоо системасынын жаңы ыкмалары иштелип чыгууда. Кошумча айыл чарба кооперациялары менен үй-бүлөлүк чарбаларды өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Биринчи кезекте айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө багытталган долбоорлорго артыкчылык берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков