Казакстандын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Ерлан Тургумбаев Алматы эл аралык аэропортун козголоңчулар кантип басып алганы тууралуу айтып берди. Объектке 800дөй кылмышкер кол салган. Аэропорттун терминалында жайгашкан дүкөндөр жана кассалар тонолгон.
Е. Тургымбаев, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу:
Митингдин катышуучулары өздөрүнүн атайын даярдыктан өткөндүгүн көрсөтүштү. Алардын аракетинде тартиптин жана уюшкандыктын элементтери болгон. Окуя болгон жерде митингчилер алгач көзөмөл камераларын өчүрүп, жолду тосуп, тегерегине байкоочуларды коюп коюшкан. Өз ара байланыш үчүн радиостанцияларды колдонгон.
Е. Тургымбаев: болжол менен 300 адам чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген
Тургумбаевдин айтымында, куралданган кылмышкерлер кармалып турган Тараз жана Талдыкорган шаарларындагы СИЗОго куралчан адамдар бир нече жолу кол салышкан. Аларды милиция кызматкерлери артка кайтарышкан.
Е. Тургымбаев, Ички иштер министринин милдетин аткаруучу:
- Аскердик бөлүктөргө жана өткөрмө пункттарга чабуул жасалган. Топтор курал-жарактарды жана аскердик техникаларды тартып алууну максат кылышкан. Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 300гө жакын адам автоунаа жана жөө өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган. Алардан курал-жарактар, уурдалган баалуу буюмдар, анын ичинде уюлдук телефондор, улуттук жана чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар табылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков