Инвестициялар,
энергетика сектору, атомдук энергетика, транспорт-логистика, каржы,
санариптештирүү жана жасалма интеллект. Касым-Жомарт Токаев менен Тамаш Шуйок
Акордада чакан жана кеңейтилген курамда өткөргөн сүйлөшүүлөрдө Казакстан менен
Венгриянын ушул тармактардагы өз ара кызматташтыгы талкууланды. Венгриянын
Президенти Казакстанга расмий сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев эки
тараптуу соода-экономикалык мамилелердин бекем негизи жана олуттуу дарамети бар
экенин белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Сиздин бул алгачкы
расмий сапарыңыз кызматташтыгыбызды бекемдөө жагынан өтө маанилүү окуя. Венгрия
– биздин эгемендүүлүгүбүздү биринчилерден болуп тааныган европалык
мамлекеттердин бири. Ал эми Будапешт – расмий дипломатиялык миссиябызды кабыл
алган биринчи европалык шаар. Ошондуктан Сиздин өлкөңүз менен көптөгөн
тармактардагы тыгыз ыкмалдаштыкты колдойбуз. Эки өлкөнүн кызыкчылыгына шайкеш
келген бул үрдіс уланаарына ишенем.
Былтыр эки өлкөнүн
ортосундагы соода жүгүртүү 200 миллион доллардын тегерегинде болгон. Ал эми
быйылкы сегиз айда өз ара соода 22%га өскөн. Максат - ортодогу товар жүгүртүүнү
1 миллиард долларга жеткирүү. Казакстандын Президентинин өткөн жылы Венгрияга
болгон мамлекеттик сапарынан кийин алака чоң серпин алды. Ошол кезде бир катар
маанилүү келишимдерге кол коюлган. Казакстандын экономикасына 400 миллион
долларга жакын инвестиция салган 35тен ашуун венгер компаниясы иштеп жатат.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- MOL компаниясы Казакстандын газ
тармагында ийгиликтүү иштеп жатат. Күн тартибинде дагы башка масштабдуу
долбоорлор бар. Өлкөбүздө UBM Group, Gedeon Richter, Globalia сыяктуу алп
компаниялар дагы иш жүргүзүүдө. Учурда 20 орток долбоорду ишке ашырып жатабыз.
Биз инвестициялык мамилелерибизди мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Ушул
өңүттө, энергетика, атом өнөр жайы, айыл чарбасы сыяктуу түрдүү багыттагы
ыкмалдаштыгыбызды арттырууга макулдаштык.
Мамлекет башчысы маданий-гуманитардык байланыштарды
казак-мажар мамилелеринин өзөгү деп атады. Жыл сайын өлкөнүн 250 студенти мажар
университеттеринде окуйт. Президент ошондой эле, ата мекендик жогорку окуу
жайлары да мажарлык студенттер менен изилдөөчүлөрдү көптөп кабыл алууга даяр
экенин билдирди. Өз кезегинде Тамаш Шуйок Казакстан менен карым-катнаш
стратегиялык маанилүү деп эсептей турганын белгиледи.
Тамаш Шуйок, Венгрия
Президенти:
- Биз Казакстандагы
санариптештирүү процессин тыкыр көзөмөлдөп турабыз. Себеби сиздин өлкө бул
маселеде аймакта эле эмес, дүйнө жүзү боюнча алдыңкы катарда келе жатат. Биз
Казакстанды аталган маанилүү багыттагы абройлуу өнөктөш деп эсептейбиз жана
кызматташтыгыбызды өнүктүрүүгө үмүттөнөбүз. Венгер-казак байланыштарынын
мүмкүнчүлүгү зор. Президент катары муну ишке ашырууга толук колдоо көрсөтөм.
Касым-Жомарт Токаев
Мажарстандын Президентинин өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө
кошкон салымын жогору баалап, аны 1-даражадагы Достук ордени менен сыйлады. Өз
кезегинде Тамаш Шуйок көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирип, ар дайым
казак-мажар достугуна колдоо көрсөтөрүн жеткирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

