Жамбыл облусунда кубаттуулугу 3 миллион тонна болот өндүргөн металлургия комбинаты салынат. Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов кытайлык Fujian Hengwang Investment компаниясынын жетекчиси Цзэн Чжаоцян менен долбоорду ишке ашыруу планын талкуулады. Курулуш ушул жылдын чын куран айында башталары күтүлүүдө. Ал Jibek Joly атайын экономикалык аймагында жайгашат. Долбоордун жалпы инвестициялык баасы 1 миллиард доллардан ашат. Өндүрүшкө казакстандык чийки зат – жаратылыш газы жана темир рудалары, ошондой эле акиташ колдонулат. Ишкана узартуучу зымдар, арматура, куур өндүрүшүнө арналган тилкелүү болот, ошондой эле бурчтуу жана профилдик болот сыяктуу өнүмдөрдүн кеңири масштабын чыгаруу мерчемделип жатат. Металлургиялык комбинаттын керектөөлөрүн камсыздоо үчүн кубаттуулугу 350 МВт газ турбиналык электр станциясын куруу да пландаштырылган. Инвесторлордун айтуусунда ишканада темирди түз калыбына келтирүү технологиясы киргизилет. Бул атамекендик металлургия тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга шарт түзмөкчү. Өкмөт башчысы долбоор өндүрүш кубаттуулугун арттырууга жана өлкөнүн экспорттук дараметин кеңейтүүгө маанилүү кадам болорун белгилейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

