Мамлекет башчысы Венгрия Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчысы Венгрия Премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев жана Виктор Орбан эң оболу энергетика, каржы жана инвестициялар чөйрөсүндө жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын натыйжалуу ишке ашырылышын талкуулашты. Тараптар кызматташуунун өз ара пайдалуу жыйынтыктарына жетишүү үчүн биргелешкен ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Сүйлөшүүнүн соңунда Мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министрин Казакстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков