Казакстандын Европа мамлекеттери менен соода алмашуусу артты

Казакстандын Европа мамлекеттери менен соода алмашуусу артты

Өткөн жылы биримдиктин өлкөлөрүнө бардыгы болуп 35 миллиард долларлык товар саткан.

Бул тууралуу Улуттук статистикалык бюросу маалымдады. Ошентип, ата мекендик өндүрүшчүлөр Италияга дээрлик 14 миллиард АКШ валютасына ар кандай өнүмдөрдү экспорттошкон. Ошондой эле, ири керектөөчүлөрдүн тизмесинде Нидерланды, Франция, Румыния, Испания бар. Өлкөлөр өткөн жылы негизинен мунай, цинк, коргошун жана ферроэритме сатып алышкан. Ошол эле учурда Казакстанга дээрлик 8,5 миллиард долларлык товар импорттолгон. Казакстан негизинен Германиядан, Италиядан, Франциядан, Польшадан, Улуу Британиядан өнүм сатып алат. Алар негизинен учактарды, автоунааларды, тетиктерди жана дары-дармектерди импорттошот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков