Казакстанда 93 кайра жанма энергия булактары долбоору ишке кошулат

Казакстанда 93 кайра жанма энергия булактары долбоору ишке кошулат

Казакстанда 2030-жылга чейин 93 кайра жанма энергия булактары долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Алардын жалпы кубаттуулугу 2,3 ГВт болот. Ал эми 2035-жылга чейин бул көрсөткүчтү 4 эсеге көбөйтүү пландалууда. Өкмөттө тармакты өнүктүрүү маселелери каралды. Ушул жылы альтернативдик энергия булактарынын 9 жаңы объектисин пайдаланууга берүү күтүлүүдө. Учурда өлкөдө «жашыл» энергияны өндүрүү боюнча 154 заманбап объект иштеп жатат. Ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эл аралык инвесторду тартууга артыкчылык берилет. Стратегиялык багытты колдоо чараларына аукциондук баада кепилденген электр энергиясын сатып алуу, жылдык индекстөө, линиялык төлөмдөрдөн бошотуу жана салыктык жеңилдиктер кирет. Бул тартымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө, жаңы долбоорлорду өнүктүрүүгө жаңы импульс берет. Башкача айтканда, өлкөдөгү «жашыл» энергия үлүшүнүн туруктуу өсүшүн камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамлабеков