Казакстандык учактар экологиялык таза күйүүчү май менен учат

Казакстандык учактар экологиялык таза күйүүчү май менен учат

Казакстандык учактар экологиялык таза күйүүчү май менен учат. Адистердин айтымында, буга жакынкы 2 жылда жетишүүгө болот. Өлкөдө бул үчүн керектүү инфраструктураны куруу пландалууда. Бул жаатта Астанада баасы 10 миллиард теңге болгон мунай базасы жана май куюучу комплекс курулат. Ал эми Актөбе аба майданында 5 миллиард теңгеге күйүүчү май хабын ишке киргизүү мерчемделген. Ошондой эле, ар биринин көлөмү 40 миң литрден турган эки жаңы май куюучу жайдын курулушу жүрүп жатат. Алардын баасы 500 миллион теңгени түзөт.


Гани Баймышев, «КазМунайГаз-АЭРО» ЖЧК долбоорлоо-техникалык тобунун жетекчиси:


- Аталган комплекстер өлкөнүн келечекте Jet A-1 авиациялык күйүүчү майга жана SAF экологиялык отундун түрлөрүнө өтүүсүнө өбөлгө түзөт. Күйүүчү май куюучу комплекс-аба кемеси үчүн керектүү отунду сактоого жана май куюуну жүзөгө ашырууга жөндөмдүү инфраструктураны толук камтыган объект. Мунай базасы сактоого арналган. Долбоорлорду ишке киргизүү мөөнөтү болжол менен 2026-2027-жылдарга белгиленди.


Экологиялык таза авиациялык отун түрлөрү өлкөнүн Шымкент жана Атырау мунай иштетүүчү заводдорунда, ошондой эле Павлодар мунай-химиялык ишканасында өндүрүлөт. Комплекстер жаңылоодон өттү, азыр долбоордун техникалык негиздемеси иштелип жатат.


Гани Баймышев, «КазМунайГаз-АЭРО» ЖЧК долбоорлоо-техникалык тобунун жетекчиси:


- Дүйнөнүн басымдуу көпчүлүгү Jet A-1 авиациялык күйүүчү майы менен учушат. Ошондуктан биз өлкөбүздүн дал ушул багытын өнүктүрүүгө дем берүү максатында алдыбызга ушундай милдеттерди коюп жатабыз. Анткени «Батыш Европа-Батыш Кытай» коридору биз аркылуу өтөт. Ошондой эле Казакстан географиялык жактан дараметтүү транзиттик аймак катары абдан жагымдуу өлкө болуп саналат. Буга ылайык, Кытайдан Европага жана кайра келүүчү транзиттик жүктөр Казакстандын аймагында май куюуну ишке ашыра алат. Бул бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков