AIF серепчилери: Израиль Казакстанга агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт

AIF серепчилери: Израиль Казакстанга агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт

Колдо болгон ресурстарды жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн дараметин эсепке алуу менен мамлекетке аталган рынокто орун алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр каралган. Бул тууралуу Израиль-Казакстан соода-өнөр жай палатасынын башчысы Михаэль Роэ Астана эл аралык форумунда билдирди. Анын айтымында, Израиль бул багытта ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жардам берүүгө даяр. Бул өлкөдө 150 миң гектар гана сугат жер болгону менен 10 миллион адам ата мекендик азык-түлүк менен толук камсыз болгон. Жылына эки миллионго жакын азык-түлүк товарлары экспортко сатылат. Михаэль Роэнин айтымында, Израиль жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн билим берүү программалары аркылуу өз тажрыйбасын көрсөтөт алат. Ошондой эле Казакстанда израилдик билим берүү системасынын негизинде билим жана илим борборлорун ачуу маанилүү роль ойнойт.

Михаэль Роэ, Израиль-Казакстан соода-өнөр жай палатасынын төрагасы:

Форумдун мааниси чоң. Анын маанилүүлүгүн чогулган конокторго карап эле билүүгө болот. Казакстанды мунайдын, газдын, урандын мекени катары гана көрүүгө болбойт. Республикада жаштардын жаңы мууну өсүп келе жатат, Казакстандын дарамети чоң. Сиздер болгону каалаган максаттарыңыздарды ишке ашыруу үчүн Израилдин тажрыйбасын колдонуу гана керек. Казакстанда тамак-аш, айыл чарба жана суу тармагында дүйнөлүк лидер болуу үчүн бардык технологиялар жана структуралар бар.

Белгилей кетсек, борбор калаада Астана эл аралык форумунун экинчи иш күнү уланууда. Ага 300дөн ашык чет элдик делегат катышууда. Форумда иш-чаранын катышуучулары биргелешкен диалог аркылуу глобалдык чакырыктарды жеңүүнүн чечкиндүү жолдорун карап чыгышат. Көтөрүлгөн темалардын арасында экология, креативдүү экономика, геосаясат, мамлекеттердин интеграциясы маселелери бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков