Казакстан Өзбекстанга туристикалык поезд жиберет

Казакстан Өзбекстанга туристикалык поезд жиберет

Улуу Жибек жолунун изи менен. Эртең Казакстан менен Өзбекстандын байыркы шаарлары боюнча биринчи темир жол туру башталат. Поезд «Алматы – Түркестан – Ташкент – Алматы» багыты боюнча каттайт. Тармактык министрликтен белгилешкендей, каттамдын ишке кириши туризмди өнүктүрүүдөгү жана эки Борбор Азия Республикасынын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөдөгү маанилүү кадам. Ал эми аймактын бай руханий жана тарыхый мурасы жөнүндө көбүрөөк билүүнү жана байыркы соода жолунун нукура атмосферасына сүнгүп кирүүнү каалаган казакстандыктар, өзбекстандыктар жана башка өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн саякат эми ыңгайлуу жана жеткиликтүү болот.


Мейржан Ауезов, Туризм жана спорт министрлигинин туризм жана индустрия комитетинин мониторинг жана мамлекеттик көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси:


- Эл аралык темир жол турунун алкагында 4 күндүн ичинде туристтер байыркы шаарларды кыдыра алышат. Каттам Түркестан менен Ташкенттин негизги кооз жерлерин аралап өтөт. Мындан тышкары, саякатчылар Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири — Жибек жолунун маанилүү соода түйүнү болгон Отырарды көрө алышат. Турдун программасына ошондой эле Арыстан-баба күмбөзүнө, «Азрет Султан» тарыхый-маданий корук-музейине, Борбордук Азиядагы эң ири «Кербен-Сарай» туристтик комплексине баруу кирет. Ал эми Ташкентте турдун катышуучулары тарыхый жайлар менен эле эмес, шаардын заманбап өнүгүүсү менен да тааныша алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков