Казакстандын жаңы Конституциясы саясий системаны трансформациялап, жарандардын өлкөнүн жашоосуна катышуусун кеңейтүү аркылуу мамлекеттик башкаруунун демократиялык механизмдерин бекемдейт. Мажилис депутаты Марат Башимовдун пикиринде, өзгөрүүлөр коомдук институттардын, элдик өкүлчүлүктүн жана бийлик менен коомдун ортосундагы ачык диалогдун ролун күчөтөт. Депутат жарандардын кызыкчылыктарын коргоого жана укуктук системага болгон ишенимди жогорулатууга багытталган соттук өзгөртүүлөрдүн маанисин баса белгилейт. Мындай курс демократиялык принциптерге ылайык келет жана Президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан демилгеленген саясий реформаларды улантат.
Марат Башимов, Парламент Мажилисинин депутаты:
– Укук коргоо тармагында маанилүү процессуалдык кепилдиктер киргизилип жатат. Анын ичинде «Миранды эрежесине» жакын принциптер жөнүндө сөз болууда. Жарандардын процессуалдык, санариптик жана эмгектик укуктарын коргоо күчөтүлүүдө. Коомдук аң-сезим да өзгөрүүдө: адам укуктарынын артыкчылыгын, мыйзам үстөмдүгүн жана демократиялык баалуулуктарды түшүнүү барган сайын бекемделүүдө. Жаңы Конституциянын башкы максаты – адам укуктарын коргоону жогорку деңгээлге көтөрүү жана аны иш жүзүндө бекитүү болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

