Казакстандын аймактарында жаңы Конституциянын негизги жоболору талкууланууда

Казакстандын аймактарында жаңы Конституциянын негизги жоболору талкууланууда

Алматыда Жалпы улуттук коалициянын мүчөлөрү жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоо үчүн финансисттер менен жолугушту. Атап айтканда, жаңыланган Баш мыйзамдын негизги артыкчылыктарына токтолушту. Бул ачык-айкын укуктук чөйрөнү түзүүгө жана «мамлекет адам үчүн» принцибине өтүүгө тиешелүү. Адистердин айтымында, документ каржы рыногун жөнгө салуу механизмдерин да күчөтөт. Бул казакстандыктар үчүн банктык аманаттардын жана камсыздандыруу өнүмдөрүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатууну билдирет. Мындан тышкары, жаңы Конституциянын долбоору улуттук валютанын макамын бекемдейт, укуктук туруктуулукту күчөтөт жана инвестициялык климатты жакшыртат деп белгилешти.


Мадина Абылкасымова, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрайымы:


– Жалпысынан алганда, каржы сектору үчүн укуктук чөйрөнүн туруктуулугу жана айкындыгы абдан маанилүү. Мамлекет башчысынын демилгелеринин аркасында инвестициялык чөйрөнү алдын ала болжолдоого мүмкүн болгон шарттар түзүлдү. Бүгүн биз муну көрүп жатабыз жана эл аралык рейтингдерде да чагылдырылууда. Ошондуктан, каржы сектору үчүн жаңы Конституциянын долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр абдан маанилүү.


Белгилей кетсек, Жалпы улуттук коалициянын филиалдары бүткүл өлкө боюнча иштеген. Алардын өкүлдөрү шаарлардын жана райондордун калкы менен жолугушууларды өткөрүп, жаңы Конституциянын аспектилерин кеңири түшүндүрүп, тургундарды түйшөлткөн суроолорго жооп беришкен. Мисалы, Атырау облусунда аймактык коалициянын мүчөлөрү «Өкмөт жарандар үчүн» мамлекеттик корпорациясынын кызматкерлери менен Баш мыйзамда чагылдырылган институционалдык өзгөрүүлөрдү талкуулашты. Жолугушуунун катышуучулары жаңы Конституциянын долбоору Казакстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга жооп берүүгө умтулуусун көрсөтүп турганына ишеним билдиришти.


Бериккали Сарсенгалиев, аймактык коалициянын мүчөсү:


– Калк арасында жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоого жана анын негизги өзгөрүүлөрүн түшүнүүгө кызыгуу жогору деп айта алабыз. Айрыкча, алар билим берүү, жаштардын келечектеги укуктары жана социалдык колдоо темалары боюнча суроолор абдан көп берилүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков