Казакстан менен Дүйнөлүк банк жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүдө

Казакстан менен Дүйнөлүк банк жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүдө

Казакстан Дүйнөлүк банктын санариптештирүү жана жасалма интеллект боюнча глобалдык стратегиясынын негизги өнөктөшү болушу мүмкүн. Программа санариптик экономикага инвестиция тартууга багытталган. Премьер-министр Олжас Бектенов менен Дүйнөлүк банктын вице-президенти Сангбу Кимдин жолугушуусунда ушул багыттагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды. Мындай макулдашуу санариптик байланышты жана инфраструктураны өнүктүрүү, санариптик мамлекеттик тутумдарды өркүндөтүү, маалыматтарды жөнгө салуу жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле жасалма интеллект экосистемасын алга жылдырууну камтыйт.


¤Сангбу Ким, Дүйнөлүк банктын санариптик технологиялар жана жасалма интеллект боюнча вице-президенти:


Казакстандын жасалма интеллектти өнүктүрүү жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү максаттары бизде абдан чоң таасир калтырды жана шыктандырды. Бул өлкөнүн экономикасын жаңы деңгээлге көтөрө турган туура багыт деп ишенебиз. Жолугушуунун жүрүшүндө жасалма интеллект тармагындагы көптөгөн жаңы долбоорлорду жана демилгелерди талкууладык. Алардын катарында маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүү, айылдык аймактардагы байланыштын сапатын жакшыртуу жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор бар. Биз жасалма интеллектке негизделген жаңы экономиканы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн биргелешип иштөөгө даярбыз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков