Казакстандын
экономикасы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 6,5% өстү. Бир жыл мурда бул көрсөткүч
5% түзгөн. Негизги драйверлердин катарына транспорт тармагы, курулуш, тоо-кен
тармагы жана соода кирет. Бул тууралуу Мажилистин пленардык жыйынында каржы министри билдирди. Мади Такиев депутаттардын алдына
Республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча Өкмөттүн отчетун сунуштады. Ошентип, түшкөн каражат 21 триллион теңгеден ашты, ал
эми республикалык бюджеттин өз кирешелери 17,5% көбөйүп, 15 триллион теңгеден
ашты. Министрдин айтымында, киреше экономиканын кеңейишинин, салыктык
түшүүлөрдүн артышынан, ошондой
эле башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун эсебинен көбөйдү. Бюджеттик
чыгашалар 25,5 триллион теңгени түздү - Өкмөт тарабынан бардык социалдык
милдеттенмелер аткарылды. Аймактарды колдоого 7,5 триллион теңгеден ашык,
социалдык чөйрөгө 9 триллион теңгеден ашык каражат багытталды. Мади Такиев
сапаттык көрсөткүчтөргө гана эмес, туруктуу өнүгүү үчүн узак мөөнөттүү
шарттарды түзүүгө да басым жасалып жатканын белгиледи. Ошентип,
инфраструктураны модернизациялоо уланууда, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү
кеңейүүдө, жаңы өндүрүштөр жана санариптик долбоорлор ишке киргизилүүдө.
Мади Такиев, Каржы министри:
– Инженердик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер улантылды. Инженердик-коммуникациялык инфраструктура тармактары 980,5 км узундукта төшөлдү. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын 6,3 миң чакырым тармактары курулуп, оңдолду. Транспорттук инфраструктурага олуттуу каражаттар жумшалды. Бардык түрдөгү иштер менен автожолдордун 13 миң чакырымга жакыны камтылды, анын ичинде республикалык маанидеги жолдор – 9 миң, жергиликтүү маанидеги жолдор – 4 миң чакырым. Айыл чарба секторуна өзгөчө көңүл буруп, 2025-жылы 1,1 трлн теңге багытталды, бул 2024-жылга караганда 172 млрд теңгеге көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

