Казакстанда өзгөчө боз үйлөр жасалууда

Казакстанда өзгөчө боз үйлөр жасалууда

Казакстандык чебер уникалдуу боз үйлөрдү жасоодо. Ал өзүнүн ыкмасын салт менен инновациянын айкалышы деп атайт. Алматылык Марат Бексултанов 100дөн ашык боз үй даярдады. Алардын ички курулушун толугу менен экологиялык таза өнүмдөрдөн жасайт. Ал эми чатырдын ордуна акрилден жасалган купол колдонулат. Технологиялык жапкычты ачуу жана жабуу да оңой. Негизинен бул боз үйлөр болгону 20 мүнөттүн ичинде жайылат. Ал эми чогулганда калыңдыгы 60 см каптамага батып кетет.

— Бул жерде тышкы жасалгалоо жагынан өзгөчөлүктөр бар. Азыркы тил менен айтканда экстерьер деп аталат. Абдан ыңгайлуу терезе орноттук. Анын үстүнө сырты да абдан тез алынып, салынат.

Бардык нускамалар өзгөчө жана алардын ордун толтуруу мүмкүн эмес. Алар майрамдарда, видеоклиптерде жана кино тартууда колдонулат. Айрыкча тарыхый тартууларда орду өзгөчө. Чебер өзүнүн ойлоп тапкан инновациялык технологиясын буга чейин патенттеп алган.

Марат Бексултанов, чебер:

— Бул жерде биз шарнир деген элементти ойлоп таптык. Адамдын тизеси менен дененин башка мүчөлөрү сыяктуу мында кереге, ууктары да бар. Биз аларды тез чогултуп, жайып тургандай ыңгайлуу кылып жасадык. 

Марат Бексултанов өзүнүн жаңы ыкмасы казак үйүн жыйноону мындан да тезирээк жана натыйжалуу кыларына ишенет. Анын үстүнө, материалдардын сапаты салттуу ыкмаларга эч кандай тоскоолдук келтирбейт. Чебер өз ишин мындан ары тышкы рынокко алып чыгууну мерчемдөөдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков