Казакстан ШКУ мамлекеттерин дары-дармек өндүрүшүн чектөөгө чакырды

ШКУга мүчө мамлекеттер саламаттыкты сактоо тармагында бир катар багыттар боюнча күч бириктирет. Тактап айтканда, жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү, алгачкы медициналык-санитардык жардамды мындан ары жакшыртуу, тармакты санариптештирүү тууралуу сөз болуп жатат. Тийиштүү келишимге эл аралык уюмга катышкан өлкөлөрдүн медицина мекемелери министрлеринин жетинчи кеңешинде кол коюлду. 

 

Акмарал Алназарова, саламаттыкты сактоо министри: 

- Бүгүн экологиялык план маселеси көтөрүлдү. Бул Арал деңизинин жанындагы тургундардын саламаттыгы. Бул багытта ДССУ менен биргеликте кеңири иштерди жүргүзүп жатабыз. Бүгүн чоң долбоор жасалды. Ага ылайык, казакстандык жана өзбекстандык адистер биригип, Арал деңизинин жанындагы тургундардын ден соолугун толук кандуу изилдейт. Программа 8 миллион адамды камтыйт. Муну менен катар, технология алмашуу жана түрдүү багыт боюнча илимий-изилдөө долбоорлору менен бөлүшүүнү көздөйт. Ошондой эле, илимий кадрларды жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кадрларды даярдоодо күчтү бириктирүү зарыл. 

 

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо министри кесиптештерин Казакстанда дары-дармек өндүрүшүн чектөөгө чакырды. 

 

Акмарал Алназарова, саламаттыкты сактоо министри: 

 

- Бул - Улуттук коопсуздук маселеси. Мамлекет башчысы аталган теманын айланасында бир нече жолу сөз козгогон. 2029-жылга чейин ата мекендик товарлар менен, атап айтсак, дары-дармек менен камсыз кылуу деңгээлин 50%га чейин жеткирүү башкы максатыбыз. Башкача айтканда, ички керектөөнү ата мекендик өндүрүш аркылуу жабышыбыз керек. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков