Касым-Жомарт
Токаев Түркия Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – «Devlet Nişanı»
ордени менен сыйланды. Мамлекет башчысына аны Режеп Тайип Эрдоган тапшырды.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Бул жогорку
сыйлыкты түрк элинин бүт казак элине көрсөткөн өзгөчө урмат-сыйы деп эсептейм.
Мындай жакшы демилге – тамыры бир, дини менен дили орток элдерибиздин
ортосундагы бекем достуктун айкын белгиси, баалуулуктарыбызды даңазалаган
маанилүү кадам. Ошондой эле бул – казак-түрк стратегиялык кызматташтыгын мындан
ары дагы бекемдөөгө болгон өз ара умтулуунун далили.
Президент
кесиптеши Режеп Тайип Эрдоганды дүйнөлүк деңгээлдеги көрөгөч, таасирдүү, өтө
көрүнүктүү саясатчы, аймактык жана глобалдык туруктуулук менен коопсуздукту
чыңдоого өлчөөсүз салым кошуп жаткан тарыхый инсан деп атады. Ошондой эле
Касым-Жомарт Токаев Режеп Тайип Эрдогандын казак-түрк карым-катнаштарын
чыңдоого кошкон зор салымын жогору баалады.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биргелешкен
күч-аракетибиздин аркасында соода-экономикалык тармактагы жетишкендиктерибиз
мол. Маданий-гуманитардык байланыштарыбыз жылдан жылга чыңдалууда. Эл аралык
сахнадагы позицияларыбыз – активдүү. Биздин өлкөлөрдүн глобалдык туруктуу
өнүгүү жана коопсуздукту камсыз кылуудагы кызыкчылыктары – орток. Айрыкча, Түрк
мамлекеттери уюмунун алкагындагы натыйжалуу иш-аракеттерибизди белгилеп кетким
келет. Ошону менен бирге эки тараптуу кызматташтыкты эселеп, аны жаңы сапаттуу
деңгээлге көтөрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

