Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алмашуусу 7,3%га өстү

Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алмашуусу 7,3%га өстү

Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү өсүүдө. 2022-жылдын 10 айында ал 22 963 миллион долларды түздү. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га көп, деп билдирет Улуттук статистика бюросу. Ошол эле учурда бул мезгилде 7705,1 млн долларды түзгөн товар экспорттолгон. Белгилей кетсек, Казакстандын Биримдиктин мамлекеттери менен тышкы соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө Орусия чоң үлүштү ээлейт, андан кийин Кыргызстан, Беларус жана Армения мамлекеттери турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков