Казакстанда 17 ири долбоордун тизмеси түзүлдү

Казакстанда 17 ири долбоордун тизмеси түзүлдү

Казакстанда терең кайра иштетүү ыкмаларын өздөштүрүү боюнча 17 ири долбоордун тизмеси түзүлдү. Алар металлургия, мунай-химия жана газ химиясы, тамак-аш өнөр жайы, автоунаа өнөр жайы, химия өнөр жайы жана туризмди камтыйт. Улуттук Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, аларды ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын гана түзбөстөн, экспортту 6 трлн теңгеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, улуттук валютада импорттун ордун 1,5 трлн ашык алмаштырууну камсыз кылат. Эскерте кетсек, Президент өз кайрылуусунда Өкмөт 17 ири долбоордун тизмесин түзгөнүн белгилеген. Анын айтымында, терең иштетүү ыкмасын өздөштүрүүгө артыкчылык берилет. Касым-Жомарт Токаев Ата Мекендик чийки заттарды жана жабдууларды максималдуу пайдалануу, ири ишканалар үчүн чектеш өндүрүштөрдү ачуу маанилүү экенин баса белгилеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков