Казакстандын бардык чек ара бекеттеринде туристтик топтордун сапарын жеңилдетүү үчүн жашыл коридор режими киргизилет. Бул тууралуу өкмөттө туризм жана спорт министри билдирди. Ербол Мырзабосынов белгилегендей, бул аркылуу паспортту өткөрүү убактысы 5 эсеге кыскарат. Азыр бул механизм Орусия менен Кыргызстандын чек арасында пилоттук режимде иштеп жатат. Ошондой эле, мекеме башчысы саякатчылар үчүн Tax Free системасы өлкөнүн бир катар аймактарында сыноодон өткөнүн белгиледи. Шопинг-туризмди өнүктүрүүнү караган пилоттук долбоор өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
Ербол Мырзабосынов, туризм жана спорт министри:
- Бул системанын алкагында чет элдик туристтерге 4,9 миллиард теңгелик товар сатылды. Сатуудан түшкөн орточо чеги 837 миң теңгени түздү. Бул дүйнөдөгү алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирген көрсөткүч. Системаны жакшыртуу үчүн төмөнкү чаралар сунушталат. «Tax Free» системасын пилоттук тутумдан туруктуу иштөө режимине алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо, башкача айтканда, бул системаны өлкөнүн бардык аймактарына киргизүү менен арыздарды берүү жараянын санариптештирүү.
Эми чет элдик туристтер үчүн Neo Nomad Visa алуу процедурасы да жөнөкөйлөтүлөт. Учурда бул кызматты миграциялык портал аркылуу аралыктан жүргүзүү жолдору каралып жатат. Мындай визанын ээси Казакстанда бир жыл жашап, анын туристтик дарамети менен толук тааныша алат. Жалпысынан бул тармактын кызматтарын бирдиктүү санариптик мейкиндикке бириктирүү идеясы да ойлонуштурулду.
Ербол Мырзабосынов, туризм жана спорт министри:
- «TravelStan» бирдиктүү мобилдик тиркемесин түзүү демилгеси көтөрүлдү. Анын негизги функционалдуулугу – бул жасалма интеллектке негизделген жардамчы, башкача айтканда, туристтерге мейманканаларды брондогонго, билеттерди сатып алууга, гиддерди жана маршруттарды табууга, такси чакырууга жана башка кызматтарды бир санариптик мейкиндикке бириктире турган тиркеме.
«Kazakhstan.travel» улуттук туристтик порталында саякатчылар үчүн керектүү маалымат 8 тилде жазылган. Мындан тышкары, виртуалдык 3D турлар жана туроператорлордун тизмелери жарыяланды. Ал эми өлкөгө келген туристтер кесипкөй гиддердин жардамына кайрыла алышат. Бул үчүн «E-Гайдс» бирдиктүү санариптик платформасы иштелип чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

