Казакстанда дагы бир трансчек аралык хаб түзүлөт

Казакстанда дагы бир трансчек аралык хаб түзүлөт

Казакстанда дагы бир трансчек аралык хабы пайда болот. Ал кийинки жылы Абай облусунда курулат. Ири долбоорго 7 миллиард теңге жумшалат. «Бахты» көп функционалдуу транспорттук-логистикалык терминалында жүктөрдү жүктөө жана комплекттөө пландаштырылууда. Хабдын ишке кириши менен чек ара зонасында инфраструктура жакшырат жана жүк ташуунун көлөмү көбөйөт. Региондо соода өнүгүп, транспорттук-транзиттик дарамет кеңейүүдө. Белгилей кетсек, учурда Казакстанда беш трансчек аралык хаб курулуп жатат. Алар Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Кытай жана Каспий жээктери менен чектешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков