Айыл чарбасы менен суу ресурстарын башкаруу ыкмалары изилденет

Айыл чарбасы менен суу ресурстарын башкаруу ыкмалары изилденет

Казакстан агро-өнөр жай комплекси жана суу ресурстарын башкаруу боюнча израилдик тажрыйбаны окуп үйрөнүүгө ниеттенүүдө. Бул багытта жаңы ыкмаларды колдонуу дарамети өлкөнүн премьер-министри менен «Израиль-Казакстан» соода-өнөр жай палатасы төрагасынын жолугушуусунда талкууланды. Алихан Смаилов мамлекет сууну үнөмдөө, тамчылатып сугаруу, агрардык илим, мал чарбасы, сүт өндүрүү жана канаттууларды багуу боюнча кызматташуунун чөйрөсүн кеңейтүүгө жана мыкты технологиялык ыкмаларды тартууга даяр экенин билдирди. Михаэль Роэ Казакстандын ички рыноктук керектөөлөрүн толук канааттандырууга жетиштүү шарттар бар экенин жана дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошо ала турганын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгына ылайык жакынкы аралыкта бардык айтылган маселелер боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен иштерди уюштуруу жаатында макулдашууга жетишилди.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков