Казакстандын деңиз порттору жылына 23,7 миллион тонна жүктү өткөрө алат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Украинанын айланасындагы кырдаалга жана ага байланыштуу логистикалык кыйынчылыктарга байланыштуу казакстандык экспортчуларга өз товарларын өлкөнүн деңиз порттору аркылуу жана андан ары Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдары аркылуу жеткирүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу сунушталды. Министрликтин маалыматы боюнча, Казакстандын деңиз портторунун жылдык өткөрүү жөндөмдүүлүгү төмөнкүдөй: Актау порту – 14,7 миллион тонна, Курык – 6 миллион тонна, Актау Түндүк деңиз терминалы – 3 миллион тонна. Мындан тышкары, азыркы учурда өлкөнүн деңиз портторуна 18 миллион тоннага чейин жүк жөнөтүүгө болот.
Которгон Илгиз Жамалбеков