Дүйнө ырчыларын бириктирген экологиялык долбоор

Дүйнө ырчыларын бириктирген экологиялык долбоор

Казакстан Эл аралык Жер күнүнө карата уюштурулган «Resolution» музыкалык долбооруна үн кошту.

Миңдеген өнөр адамдарынын башын бириктирген долбоордун негизги максаты – планетага келип жаткан климаттык жана экологиялык коркунучтарга дүйнөнүн көңүлүн буруу жана адамзатты жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөө. Быйыл өлкө биринчи жолу дүйнөлүк демилгеге катышып жатат.

Тамара Асар, ырчы, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери:

- Мен кубаныч менен кабыл алдым. Анткени бул ар бир адамдын милдети деп эсептейм. Жана планетага салым кошуу,  аны таза сактоо ар бирибиздин милдетибиз болуп саналат.

Эбби Райт, «Resolution» долбоорунун мүдүрү:

- Казакстандык нускасы керемет! Бул биздин долбоорго өзгөчө түс бергендей.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган музыкалык клиптердин жыйнагы ири экологиялык уюмдардын социалдык тармактардагы баракчаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын кезектеги сессиясында көрсөтүлөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков