Астананын аймактык дүң өнүмү 4 триллион 753 миллиард теңгеге жетти. Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өсүш 4 пайыздан ашты. Ошол эле учурда, борбор калаанын экономикасына 1,3 триллион теңгеге жакын инвестиция тартылды. Жеңис Касымбек Астананын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду. Акимдин айтымында, иштеп жаткан чакан жана орто бизнестин саны көбөйүп, 230 миңден ашты. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 триллион теңгеден көп болду. Курулуш тармагы борбордун экономикасынын негизги кыймылдаткычы бойдон калууда. 2023-жылы 3 жарым миллион чарчы метрге жакын турак жай пайдаланууга берилди. Бул жааттан алганда алдыда дагы көп пландар бар.
Женис Касымбек, Астана шаарынын акими:
- Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен шаарды 2035-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы башкы планы иштелип чыкты. Жалпысынан бул документке ылайык, 178 жаңы бала бакча жана 164 мектеп, 93 саламаттыкты сактоо мекемеси курулат. Башкы пландын долбоору шаар коомчулугу, маслихаттын депутаттары тарабынан жактырылып, керектүү экспертизалардан өттү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков